Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:56

Вашингтондо Киевге алыска учкан ракетаны колдонууга жол ачкан чечим кабыл алган жок


Жо Байден менен Кир Стармердин жолугушуусу.
Жо Байден менен Кир Стармердин жолугушуусу.

Вашингтондо АКШнын президенти Жо Байден менен Британиянын премьер-министри Кир Стармердин жолугушуусунда Украинага алыскы аралыкка учкан ракеталарды колдонууга жол ачкан чечим кабыл алынган жок.

Ак үйдүн бул жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу тараткан маалыматында мындай куралды колдонууга уруксат берилгени тууралуу сөз болгон эмес. Анда Кошмо Штаттары менен Британия Украинаны колдоосун, аны Орусиянын зомбулугунан коргоону улантары гана көрсөтүлгөн.

Стармер Байден менен жолугушууда Украинага карата "кандайдыр бир конкреттүү кадамдар же тактика эмес" эки өлкөнүн стратегиясы талкууланганын ырастады. Ал ошондой эле жагдайдын андан ары өнүгүшү ушул айдын аягында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынан кийин белгилүү болорун кыйытты.

Украинанын президент Владимир Зеленский бул жолугушуу тууралуу комментарий берип жатып "Путин биздин шаарларды, айылдарды өрттөп жаткан маалда "биз мунун үстүнөн иштеп жатабыз" деген сөздөрдү такай угуу оор" болорун билдирди.

Киев көптөн бери эле өнөктөштөрүнөн алыскы аралыкка учкан ракеталарды колдонууга уруксат берүүнү суранып келет.

Шаршемби күнү кечинде Киевде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми Зеленский менен жолуккан. Анда Украинага берилген алыска атыуучу курал-жаракты колдонууга салынган тыюуну алып салуу маселеси талкууланган. Блинкен талкуулардын мазмунун Байденге жеткирерин билдирген. Ошол эле маалда ал алыска атуучу куралдарды Орусиядагы бутага колдонууга уруксат берүү эскалацияга алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар талкууда негизги роль ойноорун белгилеген. .

The Guardian басылмасы британ өкмөтүндөгү өз булактарына таянып шаршемби кечинде Лондон Украинага Storm Shadow ракеталарын Орусиядагы буталарга каршы колдонууга уруксат бергенин кабарлаган.

Бул айда Вашингтондо Байден менен Зеленский жолугушуусу мүмкүн. Буга чейин украин президенти анда "Украинанын жеңиш планы" менен тааныштырарын маалымдаган жана бул планды ишке ашыруу АКШнын жардамына байланыштуу экенин айткан.

Орусиялык армия кошунасын түрдүү курал менен аткылап, бомбалап келет. Москва оорукана, мектеп, бала бакча, энергетика жайлары өңдүү жарандык инфраструктураны, жайкын элди бутага алганын ар дайым танат.

Киев жана эл аралык коомчулук андай соккуларды согуш кылмышы катары сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG