Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:43

Европада айрым өлкөлөр суу ташкындын алдын алууга аракет кылып жатат


Чехия.
Чехия.

Европадагы Чехия, Словакия, Польша, Австрия жана Румыния өңдүү өлкөлөр нөшөрлөп жааган жамгырдан кийинки суу ташкындын алдын алууга, кесепетин жоюуга аракет кылып жатат.

Чехияда дарыяларда суу көтөрүлдү, өлкөнүн чыгышында миңдей турак жай электр энергиясыз калды. Ишемби күнү кечинде катуу шамалдан улам абал мындан дагы начарлашы ыктымал деген божомол бар. Синоптиктердин маалматына караганда, шамалдын ылдамдыгы саатына 100 чакырымга жетиши мүмкүн. Бир катар шаарларда бийлик жарандар коопсуз жайларга көчүрүлүшү ыктымалдыгын эскертти.

Брнодо суу капташы мүмкүн болгон аймактагы ооруканадан бейтаптар башка клиникаларга көчүрдү. Прагада Влтава дарыясы ишембиден жекшембиге караган түнү эң жогорку чекке чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

2002 жана 2013-жылдары суу ташкындан жабыркаган Прагадагы зоопарк зарылчылык жаралган учурда айбанаттарды эвакуациялоого даяр турушканын маалымдады. Дем алыш күндөрү бул жай көрүүчүлөргө жабык болот.

Румынияда ишембиге караган түнү табыгый кырсыктын кеспетинен төрт адам мерт болду. Ушул тушта ондон ашык жол жабык турат, айрым айыл аймактарында суу үч метрге чейин көтөрүлдү. Өлкөнүн премьер-министри Марчел Чолаку кырсыктан жабыркаган аймактарды кыдырарын билдирди.

Польшадагы Вроцлав шаарында жагдайга байланыштуу кризистик штаб түзүлдү. Синоптиктердин божомолунда бул шаарга 380 миллиметр жаан жаашы мүмкүн жана мындай көрсөткүч буга чейин катталган эмес.

XS
SM
MD
LG