Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:47

Дүйшөнбек Зилалиев менен Мелис Сатыбеков кармалганы кабарланды


Дүйшөнбек Зилалиев
Дүйшөнбек Зилалиев

Мурдагы вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков 13-сентябрда кармалганы кабарланды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) аларды лицензия берүүдөгү жемкорлукка шек санап жатканын "Азаттыкка" атайын кызматтагы булактар билдиришти. Азырынча расмий комментарий бериле элек. Шектүүлөр анык кайсы ишке байланыштуу колго түшкөнү беймаалым. "Азаттык" алардын өзүнөн же жакындарынан жана адвокаттарынан комментарий ала алган жок.

Жергиликтүү маалымат каражаттары экөө тең 2017-жылы иштеген учурда "мыйзамсыз иштерди жасаган" деп шек саналып жатканын жазышты. УКМКдагы булактар Сатыбеков 4-ноябрга чейин тергөө абагына киргизилгенин кабарлады.

51 жаштагы Дүйшөнбек Зилалиев 2016-2017-жылдары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеген. 2017-жылы августта өкмөттүн экономика маселелерин караган вице-премьер-министр болуп дайындалып, 2018-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болгон.

2018-жылдын октябрында Зилалиевге Жазык кодексинин "Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу" беренесинин негизинде иш козголуп, шарттуу түрдө үч жылга кесилген. Ал мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталган.

2020-жылы анын үстүнөн Башкы прокуратура Жазык кодексинин "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Бишкектин Биринчи май райондук соту жети жылга кескен.

2021-жылы июнда Жогорку Сот Зилалиевге "Мыйзамсыз баюу" боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого райондук сотуна жиберген. Жогорку Сот Зилалиевдин жазык ишин жокко чыгарууга биринчи инстанциядагы сотто эрежелер бузулганын жүйө келтирген.

44 жаштагы Мелис Сатыбеков тууралуу ачык булактарда кенен маалымат жок. Анын интернеттеги өмүр баянында Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштегени тууралуу жазылган. (SE)

XS
SM
MD
LG