Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:33

Эл аралык укук коргоо уюмдары Бишкекти "Клооп Медиа" боюнча чечимин артка кайтарууга чакырды


"Клооп Медианын" кеңсеси.
"Клооп Медианын" кеңсеси.

6-сентябрда сегиз эл аралык укук коргоочу уюм кыргыз бийлигин бир катар сыйлыктарга татыган "Клооп Медиа" иликтөөчү басылмасын жоюу боюнча чечимин артка кайтарууга чакырды.

Human Rights Watch (HRW), Amnesty International, Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк уюму, Адам укуктарын коргоочулар уюму, Хельсинкидеги Норвегия комитети, Article 19, Адам укуктары үчүн эл аралык федерация жана Кыйноолого каршы эл аралык уюм биргелешкен билдирүүсүндө соттун чечимин сындады.

"Клооп Медианы" күчтөп жабуу кыргыз коомундагы эң маанилүү үндү гана баспастан, Кыргызстанда жарандык, саясий укуктарды жана жарандардын эркиндигин сыйлоо төмөндөп баратканынан кабар берет. Бул аракеттер коомдун маалыматка болгон укугун бузуп, өлкөдөгү демократиялык башкаруунун негиздерин дагы алсыздандырат", - дейт HRW уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчиси Хью Уильямсон.

16-июлда Жогорку соттун коллегиясы "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу боюнча чечим кабыл алды. Ага ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун фондду ликвидациялоо тууралуу өкүмү өзгөрүүсүз калтырылганы 29-августта белгилүү болгон. “Клооп Медианы” жабуу арызы менен шаардык прокуратура сотко кайрылган.

"Клооптун" негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Жогорку соттун чечими "күтүлгөндөй болгонун" айтып, "эч нерсеге карабай иштей беребиз" деген.

“Клооптун” орус тилиндеги сайты 2023-жылдын 12-сентябрынан тартып жабылган. Ага “Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды” деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал “чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп, Маданият министрлигине кайрылган.

Министрлик былтыр ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу “фейктер жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде “Клооптун” кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн.

“Клооп” соттун чечимдерине макул эмес экенин билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров “Клооп Медиа” фондун жоюу боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий берип, Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин айткан.

“Болгону чындыкты чындыктай айтып турса ким болбосун баарын колдой беребиз. Анархия, ушак-айың, жалган маалыматтарды таратуу бул сөз эркиндиги эмес”, - деген президент.

Kloop 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

XS
SM
MD
LG