Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:37

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков көз жумду


Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков. 6-март, 2022-жыл. Бишкек.
Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков. 6-март, 2022-жыл. Бишкек.

Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Эл сүрөтчүсү Бекбосун Жайчыбеков 76 жашында оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу жакындары "Азаттыкка" билдирди.

Бекбосун Жайчыбеков 1948-жылы Ысык-Көл облусунун Корумду айылында туулган. Алматыдагы көркөм өнөр орто окуу жайын, кийин Москвадагы полиграфиялык институтту аяктаган. Ал бир топ жыл "Байчечекей" балдар журналынын көркөм редактору болуп эмгектенген.

Балдар адабиятын иллюстрациялоого кошкон салымы үчүн "Билим берүүнүн отличниги", "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамдарын алган.

Андан тышкары көркөм өнөрдү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган.

Мамлекеттик туу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилип кабыл алынган. Авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков. 2023-жылдын 22-декабрында президент Садыр Жапаров тууну өзгөрткөн мыйзамга кол койгон.

XS
SM
MD
LG