Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:16

Журналисттер Украинада 26 кыргызстандык набыт болгонун такташты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Би-Би-Синин орус кызматы жана "Медиазона" басылмасы Украинадагы согушта кеминде 68 миңдей орусиялык аскердин өмүрү кыйылганын ырасташты. Журналисттер ачык булактардан алынган маалыматтар аркылуу набыт болгондордун аты-жөндөрүн такташкан.

Арасында 26 кыргызстандык жаран аныкталган. Андан тышкары Өзбекстандын 47, Тажикстандын 51 жаранынын тек-жайы ырасталган. Жалпы журналисттер Украинада орус тарапта согушуп жүрүп 265 чет элдик окко учканын бышыкташкан.

Украинадагы согушта каза тапкан кыргызстандыктар тууралуу расмий маалымат жок экенин эскертебиз.

Орусиянын бийлиги Украинадагы согушка мигранттарды 2022-жылы эле акчалай сыйлык, жарандык убада кылып азгыра баштаган. Бир гана эркектер эмес, медайым жана ашпозчулукка аялдарды да тартышкан.

2024-жылдын июль айында Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Украинадагы "атайын аскердик операцияга" 10 миңдей мигрант айдалганын билдирген.

Андан тышкары мигранттарды согушка азгыруу өнөктүктөрү түрмөлөрдө да кеңири жүрүп келет.

"Азаттык" буга чейин Украинадагы согушка барып, окко учкан кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.

XS
SM
MD
LG