Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:56

Орусия бозгундагы аскердик эксперт Ян Матвеевге издөө жарыялады


Орусиялык аскердик эксперт Ян Матвеев.
Орусиялык аскердик эксперт Ян Матвеев.

Орусиянын Ички иштер министрлиги 5-сентябрда ыктыярдуу бозгунда жүргөн аскердик байкоочу Ян Матвееге издөө жарыялады. Ага эмне айып тагылып жатканы белгисиз.

"Сыягы "чет элдик агент" боюнча иш болсо керек. Өз аракеттери жана билдирүүлөрү менен Путин Орусия ага жат өлкө экенин көрсөтүп жатат. Ал жек көргөн Орусия тарапта болгондордун баарын Путин "чет элдик агент" катары таанып жатканы таң калычтуу эмес. Орусиянын агенти болгонума жана анын тынч, бакубат келечеги үчүн күрөшүп жатканыма сыймыктанам", - деди Матвеев "Медиазона" агенттигине.

2023-жылдын май айында Юстиция министрлиги Матвеевди "чет элдик агенттердин" тизмесине кошкон.

Матвеев орус бийлиги талап кылгандай өзүнүн онлайн постторуна "чет элдик агент тарабынан жасалды" деген билдирүүнү кошуудан баш тарткан.

Бул үчүн Орусиядагы сот эки жолу ага сыртынан айып пул салган.

"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамга ылайык, бир жыл ичинде мыйзам бир нече жолу бузулса, кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Ушул жылдын июнь айында постторуна талап кылынган сүйлөмдөрдү кошпогону үчүн 25 "чет элдик агентке" каршы кылмыш иши козголгону маалым болгон. Орус бийлиги "чет элдин таасириндеги" кимди гана болбосун "чет элдик агент" деп атай алат.

2022-жылдын соңунан бери "чет элдик агенттерге" жогорку окуу жайларында сабак берүүгө, коомдук иш-чараларды уюштурууга, келишим аркылуу армияда кызмат өтөөгө, шайлоо комиссиясынын мүчөсү жана добуш берүүгө байкоочу болууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG