Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

6-сентябрь: Журналисттер Украинадагы согушта 26 кыргызстандык набыт болгонун такташты


Орус армиясынын жоокерлери Украиананы Херсон облусунда, 21-декабрь, 2023-жыл
Орус армиясынын жоокерлери Украиананы Херсон облусунда, 21-декабрь, 2023-жыл

6-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Кыргызстан “Талибан” кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды

5-сентябрда Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына Кыргызстандын чечимине ыраазычылык айткан билдирүү жарыяланган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2-сентябрда террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салынган 20 диний бирикменин тизмесин жарыялаган. Анда “Талибан” кыймылы жок экенин көрүүгө болот. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы 15-сентябрда “Талибанды” террористтик уюм деп таап, Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салган. Казакстан “Талибанды” өлкөнүн террорчул уюмдар тизмесинен чыгарган.

Журналисттер Украинадагы согушта 26 кыргызстандык набыт болгонун такташты

"Би-би-синин" орус кызматы жана "Медиазона" басылмасы Украинадагы согушта кеминде 68 миңдей орусиялык аскердин өмүрү кыйылганын ырасташты. Журналисттер ачык булактардан алынган маалыматтар аркылуу набыт болгондордун аты-жөндөрүн такташкан. Арасында 26 кыргызстандык жаран аныкталган. Андан тышкары Өзбекстандын 47, Тажикстандын 51 жаранынынын тек-жайы ырасталган. Жалпы журналисттер Украинада орус тарапта согушуп жүрүп 265 чет элдик окко учканын бышыкташкан. Украинадагы согушта каза тапкан кыргызстандыктар тууралуу расмий маалымат жок экенин эскертебиз. "Азаттык" буга чейин Украинадагы согушка барып, окко учкан кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.

Дмитрий Медведев мигранттарга үй-бүлөлөрүн Орусияга алып келүүгө тыюу салууну сунуштады

Медведев мигранттарга үй-бүлөлөрүн Орусияга алып келүүгө тыюу салууну сунуштады. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары билдиргендей, кеп убактылуу ишке келип жаткандар тууралуу болуп жатат. Анын эсебинде мындай чектөө мигранттардын анклавдарына каршы күрөшүү жана окуучулар орусча билбеген мектептерди тартипке келтирүү үчүн зарыл. Орусиянын мурдагы президенти мигранттардын балдарына мектепте күчтөп болсо да орус тилин үйрөтүү керек деп эсептейт ал. Буга чейин Мамлекеттик Думада бир катар депутаттар, анын ичинен спикер да эмгек мигранттарына Орусияга үй-бүлөлөрүн алып келүүгө тыюу салуу керектигин билдирип келишкен. Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой расмий каттоого туруп иштебеген чет элдик жумушчулардын санын азайтуу үчүн “жалгыз келди, жалгыз кетти” (б.а. мигрант өлкөгө жалгыз келсе, жалгыз чыгып кетиши керек) принцибин киргизүүнү сунуштаган.

Пакистан: жыл башынан бери антитеррордук операцияларда 200дөй аскер набыт болгон

Бул тууралуу 5-сентябрда армиянын маалымат катчысы, генерал-майор Ахмед Шариф Чаудхри билдирди. Ал кошумчалагандай, соңку бир айда эле террочулукка каршы жүргүзүлгөн төрт миңдей операциянын алкагында 90дой ыктымал согушкер жок кылынган. Чаудхри армия жана коопсуздук органдары күнүнө 130дай операция жүргүзөрүн белгиледи. Ал эми жыл башынан берки көрсөткүч 32 миңден ашат. Пакистанда армия согушкерлерге каршы рейддерди күчөткөн. Соңку кездери кандуу чабуулдарды уюштурганы үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Техрик-е Талибан Пакистан" тобу алып келет.

Жер көчкү коркунучу бар аймактарда 3817 үй-бүлө жашайт

Кыргызстанда ушул тапта 3817 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап жатышат. Анын ичинен 2396 үй-бүлө Ош облусунда. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов билдирди. Ал өлкөдө болгон жаратылыш кырсыктары тууралуу да маалымат берди. Ага ылайык, 2024-жылдын башынан бери өлкөдө 331 сел жүрүп, 22 адам набыт кетти. Сел 3 752 үйдү, 84 социалдык мекемени каптаган. Жаратылыш кырсыгынан 411 чакырым жол, 29 чакырым каналдар жабыркады. 99 турак-жай таптакыр жараксыз болуп калды.

Кыргызстан сатып алган Dash 8 Q400 учагы өлкөгө келди

“Манас” эл аралык аэропорту” ишканасынын “Асман аба жолдору” авиакомпаниясы үчүн сатып алынган Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү учак 6-сентябрда Кыргызстанга келди. Канаданын “DeHavilland Aircraft of Canada” компаниясынын Bombardier Dash 8 Q-400 учагы 80 жүргүнчүнү батырып, 2 миң чакырымга чейинки аралыкка учуп бара алат. “Асман аба жолдору” мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдарды аткара баштайт. Ага ылайык, Талас, Нарын, Караколго аба каттамдары ачылат. Ишканага жакын арада дагы бир учак келери, компания ноябрда дагы бир учак сатып алары айтылган.

Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Амин менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташуунун ар кайсы багыттары тууралуу пикир алышуу болгон. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жакында эле террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салынган 20 диний бирикменин тизмесин жарыялаган. Анда “Талибан” кыймылы жок. Бирок азырынча бул кыймыл террорчул уюмдардын тизмесинен чыгарылганы же чыгарылбаганы тууралуу расмий маалымат бериле элек. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы 15-сентябрда “Талибанды” террористтик уюм деп таап, Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салган.

Кыргыз-түрк ооруканасына Эрдогандын ысымы берилди

Бишкектеги кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасына Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ысымы берилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. 2016-жылы июнь айында Түркиянын каражатына курула баштаган оорукана 2017-жылы аяктап, иштей баштамак. Бирок ар кандай себептер менен толук ачылбай, 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу убактылуу ишке берилип, 2021-жылы толук ачылган.

Кыргызстандын курамасы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн жөнөп кетти

Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 253 спортчу катышат. Алар спорттун 21 түрү боюнча күч сынашат. Мелдештер Астанада 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин өтөт. Ага 73 мамлекеттен 4 миң спортчу келери күтүлүүдө. Ондар калаанын алты жериндеги стадион жана комплекстерде уюштурулуп, 97 комплект медал ойнотулат.

XS
SM
MD
LG