Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:44

Түркияда өзбекстандык аял кулчулуктан куткарылды


Куткарылган аял.
Куткарылган аял.

Түркияда Өзбекстандын жараны, 42 жаштагы аял кулчулуктан куткарылганын бүгүн 30-августта «Азаттыктын» өзбек кызматы өлкөнүн Стамбулдагы Башкы консулдугунун маалыматына таянып жазды.

Аял бир нече жыл бою Түркиянын аймагында мажбурлап кармалып турганы, Башкы консулдукка анын 21 жаштагы кызы кайрылганы кабарланды. Анын айтымында, апасы төрт жыл мурда Стамбулга кеткен, соңку үч жылдан бери байланышка такыр чыкпай, дайыны белгисиз болуп жаткан.

Аял Түркиянын батыш бөлүгүндөгү Ушак шаарынан табылганы, 2020-жылдан бери аны жергиликтүү тургундардын бири мыйзамсыз кармап турганы аныкталганы, түрк жаранына каршы кылмыш иши ачылып, териштирүү башталганы кабарланды.

Азыркы тапта аялды мекенине кайтаруу аракети көрүлүүдө. Өзбекстандын жарандары Түркияга визасыз кире алышат. (RK)

XS
SM
MD
LG