Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:24

"Крокус Сити" окуясы боюнча кармалгандардын бешөөнүн бөгөт чарасы узартылды


Басман соту. 2024-жылдын 29-августу.
Басман соту. 2024-жылдын 29-августу.

Орусияда “Крокус Сити” борборундагы кол салууга шектелип, Дагестандын аймагында колго түшүрүлгөн беш кишинин бөгөт чарасынын мөөнөтү декабрдын башына чейин узартылды. Бул тууралуу 30-августта “Азаттыктын” тажик кызматы ТАСС агенттигинин маалыматына таянып жазды.

Алардын үчөө тажик жараны экени, баарына «терактты ишке ашыргандарды курал-жарак менен камсыз кылган» деген айып тагылганы, бөгөт чарасы боюнча чечим 29-августта Москванын Басман райондук сотунда кабыл алынганы маалымдалды.

Бешөө тең быйыл 31-мартта Дагестан республикасынын Каспийск шаарында жүргүзүлгөн атайын операция учурунда кармалган.

Быйыл 22-мартта Москва облусунун Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шек саналып кармалган 20 чакты кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG