Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:22

Украина F-16 учагы кабылган кырсыкты АКШ менен бирге иликтөөдө


Николай Олещук.
Николай Олещук.

Украинада F-16 учагы кыйрап, учкучу каза болгон окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын бүгүн 30-августта өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдирди. Анын айтымында, кырсыктын себебин жана жооптууларын аныктоо боюнча “кылдат анализ” жасалууда.

«Кырсыктын себеби сөзсүз иликтенет. Эч ким эч нерсени жашырган жок. Өлкөнүн бардык жогорку жетекчилиги дароо маалымат алган. Баштапкы маалыматты АКШдагы өнөктөштөр да алышты, алар да иликтөөгө катышууда», – деп жазды Олещук Телеграм-каналына.

Ошону менен катар ал депутат Марьяна Безуглаянын учакты украин тарап өзү атканы тууралуу билдирүүлөрүн айыптап, ал Украинаны гана эмес, өлкөнүн негизги өнөктөшү АКШны жаманатты кылганын белгиледи.

Орусиянын жапырт чабуулунун мизин кайтаруу учурунда учкуч Алексей Месь каза тапканын, окуя 26-августта болгонун Украинанын Куралдуу күчтөрү 29-августта кабарлаган.

CNN телеканалынын маалыматына караганда, Украина окуянын себеби учкучтун катасында деп эсептебейт. Кырсык боюнча иликтөө уланууда жана ага эл аралык эксперттер катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG