Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:30

Боррел Украинанын союздаштарын курал боюнча чектөөсүн алууга чакырды


Жозеп Боррел.
Жозеп Боррел.

Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Киевдин Батыштагы союздаштарынан Украинага берген курал-жарагын колдонуу боюнча чектөөлөрүн алып салууга чакырып, украин бийлиги өлкө кайсы жактан чабуулга кабылып жаткан болсо, ошол жерлерди бутага алууга укуктуу экенин белгиледи.

30-августта ал Брюсселде уюмдун коргоо министрлеринин бейформал жолугушуусуна катышып, Орусиянын аймагын бутага алуу Москвага каршы түздөн-түз согушуу деп баалоонун өзү «абсурд» экенин айтты. «Эч ким Орусия менен согушкусу келбейт» деген Боррел «өзүңөрдү украиндердин ордуна коюп карап көргүлөчү, силерди бомбалап жаткан жерге жете албай турганыңар канчалык» деп кошумчалады.

Украин бийлиги өнөктөштөрүнөн бул тууралуу көптөн бери өтүнүп келе жатат. Бүгүн да бул маселени украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба көтөрдү:

"Биз дал ошондой уруксатты күтүп жатабыз. Бизге сокку урууга зарыл ракеталар да керек болууда. Кол салуу башталгандан тартып Америка Кошмо Штаттары, Улуу Британия, Европа Биримдиги жана башка өлкөлөр коалиция болуп кызматташууда».

Өткөн аптада украин президенти Владимир Зеленский Украинанын союздаштарына кайрадан кайрылып, алар берген алыскы аралыкка атуучу куралды колдонууга уруксат берүүнү суранган жана «Украинанын орус армиясынын алдыга жылуусун токтотуу мүмкүнчүлүгүн бир гана чечим кармап турат. Биз өнөктөштөрүбүздөн алыска атуу боюнча ошондой чечимди күтүп жатабыз», — деп белгилеген.

Орусия Украинага 2022-жылы февраль айында кол салган. Ошондон бери курал-жарак жагынан ага АКШ жана Батыш өлкөлөрү жардам берүүдө. Алар согуштун эскалациясына жол бербөө үчүн деген негизде мындай куралды колдонууга айрым чектөөлөрдү койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG