Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:21

Кара-Балтадагы “Жунда” заводу кайра ишке берилди


Кара-Балта шаарында “Жунда” заводу.
Кара-Балта шаарында “Жунда” заводу.

30-августта Чүй облусунун Кара-Балта шаарында “Жунда” заводу кайра ишке берилип, заводду модернизациялоо долбоорунун алкагында президент Садыр Жапаров курулушка “мезгил кутусун” салды. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, “Жундада” 400гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт.

2023-жылы октябрда “Жунданы” калыбына келтирүү, модернизациялоо боюнча Кытайдан жумушчу топ келген. “Жунданын” иши 2019-жылы токтоп калган. Алгач анын себеби айтылбай, 2020-жылы пандемияга байланыштуу экени кабарланган. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары завод коррупциянын айынан иштебей турганын, текшерүүлөрдөн тажап, ишин токтотуп койгонун айтып чыккан.

“Жунда” жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Кытайлык инвестор аны курууга 300 миллион доллар жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип, бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтоп, кайра уланган.

2015-жылы ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызматы (Финансы полициясы) заводдун айрым кызматкерлерине “салыкты жашырды” деген айып менен кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын аягында Жайыл райондук соту бул ишти карап, “кылмыштын курамы жоктугуна” байланыштуу аларды актаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG