Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:16

Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча отурум дагы жылдырылды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын бир бөлүгү жана алардын адвокаттары. Бишкек шаардык соту. 23-август, 2024-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын бир бөлүгү жана алардын адвокаттары. Бишкек шаардык соту. 23-август, 2024-жыл.

30-августта Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот дагы жылып кетти. Буга айыпталуучулар Азимбек Бекназаров менен Илгиз Шаменовго берилген мамлекеттик жактоочулар иш менен таанышууга убакыт сураганы негиз болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул иш боюнча айып тагылган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Шаардык соттогу отурумдар 6-августта башталган. Ал күнү Азимбек Бекназаров менен Илгиз Шаменов сотко келбей калгандыктан соттук жараян 23-августка жылдырылган. 23-августта алар мамлекеттик жактоочу сураганы үчүн кийинки соттук отурум 30-августка белгиленген.

Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды прокуратура 12-июлда өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаган.

Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышева айыпталуучуларга карата райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, аларды күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү сураган. Мурунку апелляциялык арызда алар Биринчи май райондук сотуна кайрадан башка курамда кароого жиберүүнү өтүнүшкөн.

14-июнда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны жана активистти актаган.

Акталган саясатчылар соттун актоо өкүмү алар үчүн күтүүсүз болгонун билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров 15-июнда Кемпир-Абад иши боюнча соттун чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

Иш боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын 22сине актоо өкүмү чыккан. Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан, саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши өзүнчө бөлүнгөн.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Сот жабык өттү. (BTo)

XS
SM
MD
LG