Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:17

Харристин президенттикке талапкер катары алгачкы маеги жарыяланды


Камала Харрис.
Камала Харрис.

АКШнын вице-президенти Камала Харрис Демократтар партиясынын атынан президенттикке талапкер катары америкалык жалпыга маалымдоо каражаттарына алгачкы интервьюсун берди. 29-августта CNN телеканалына курган маегинде Харрис партиянын бир апта мурда өткөн улуттук курултайында көтөргөн маселелерге токтолду.

Президент болуп шайланса Ак үйдөгү эң алгачкы иш күнүндө эмне кылары тууралуу суроого жооп берип жатып ал эң негизги артыкчылык «ортоңку классты бекемдөө жана колдоо» болорун белгилеп, президент Жо Байдендин негизги маселелер, анын ичинде иммиграция системасын реформалоо зарылчылыгы жана Израилге жардамды улантуу боюнча саясатын колдой турганын айтты.

Харрис Байдендин администрациясы төрт жылдан берки башкаруусу маалында Кошмо Штаттарда заманбап өндүрүш түптөөгө, «жашыл индустрияны» өнүктүрүүгө жана өлкөнүн инфраструктурасын жаңылоого инвестиция кепилдигин берүүчү мыйзамдар кабыл алынганын кошумчалады.

Президенттикке талапкерлиги расмий аныкталгандан кийин беш апта бою алдыңкы америкалык жалпыга маалымдоо каражаттарына маек куруудан баш тартып келгени үчүн Харристи атаандаш Республикачылар партиясы сындап, демократтар өз шайлоочуларына талапкери менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк бербей жатат деп айыпташкан.

22-августта АКШда Демокарттар партиясынын улуттук курултайы жыйынтыкталып, вице-президент Камала Харрис президенттикке талапкерликти расмий түрдө кабыл алган.

Харрис өз кайрылуусунда Украинаны жана АКШнын башка да союздаштарын колдоого, автократтарга каршы турууга, бардык америкалыктар үчүн лидер болууга убада берген. Ал атаандашы Дональд Трампты АКШны НАТОдон алыстатууга жана шайлоонун жыйынтыгына көлөкө түшүрүүгө ниеттенүүдө деп кескин сындаган.

Дональд Трамп, өз кезегинде, Харристин курултайда айткандарын сындап, өзүнүн Тruth социалдык түйүнүнө «Эч бир конкреттүү программасы жок. Жалаң куру сөз, эч кандай аракет жок» деп жазган. Кезектеги президенттик шайлоо АКШда быйыл 5-ноябрда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG