Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

Бишкекте мурдагы милиция кызматкерине кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май районунун прокуратурасы соттун токтомунун негизинде камакка коюлган автоунааны мыйзамсыз чыгарып кеткен мурдагы милиция кызматкерине кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын 17-августтагы маалыматына караганда, Биринчи май райондук милициясынын Ч. Н. аттуу мурдагы тергөөчүсү кызматтык күбөлүгүн мыйзамсыз колдонуу менен кесиптешинин өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча камакка алынган “Lexus RX-350” үлгүсүндөгү автоунааны камактан чыгарып кеткен.

"Кылмыш иштин номерин, фабуласын жана башка маалыматтарды алып, унааны камактан чыгаруу тууралуу жасалма токтом жазып, тергөө кызматынын башчысынын атынан да расмий жолдомо катты жасалмалап, автоунааны камактан чыгарып кеткен", - деп билдирди прокуратура.

Бул факты боюнча райондук прокуратура мурдагы милиционерге Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") жана 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш ишин козгоду. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Айыпталуучунун адвокаты жана жакындары азырынча комментарий бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG