Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:16

"Талибан" Ооганстандын чет жактагы 14 дипломатиялык өкүлчүлүгү менен байланышын үздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын чет мамлекеттердеги 14 дипломатиялык өкүлчүлүгү менен байланыш токтотулуп жатканын, мындан ары алар берген консулдук документтерди кабыл албай турганын жарыялады.

Ооган өкмөтүн башкарып турган талибдердин мындай чечими чет жакта жашаган ооган жарандары үчүн кыйынчылык жаратышы ыктымал экени белгиленүүдө.

Ооганстанда бийлик талибдерге тийгенден кийин деле бул өлкөнүн айрым чет элдеги дипломатиялык миссиялары мурдагы өкмөттү мыйзамдуу деп эсептей турганын билдирип келишкен.

Жаңы чечимин талибдер башкарган Тышкы иштер министрлиги Х (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө 30-июлда жарыялады жана "Талибан" көзөмөлдөгөн өкүлчүлүктөргө кайрылуу зарыл экенин билдирди.

Мындай миссиялар, мисалы, Пакистанда, Кытайда жана Орусияда иштеп жатат. Испания менен Нидерланддагы өкүлчүлүктөр да талибдер менен бул боюнча иштешүүгө даярдыгын билдиришкен.

Чечим Улуу Британия, Бельгия, Германия, Швейцария, Австрия, Франция, Италия, Грекия, Польша, Швеция, Норвегия, Канада жана Австралия өлкөлөрүндөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу берилген паспортторго, визаларга жана башка консулдук документтерге тиешелүү.

2021-жылы 15-августта "Талибан" Кабулда бийликти кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен.

Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG