Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:39

Венесуэлада президенттик шайлоодон кийин нааразылык тутанды


Каракас.
Каракас.

Венесуэлада башаламандык тутанып, күч кызматкерлери демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана желим ок колдонду. Нааразылык акциясы жекшембиде өткөн президенттик шайлоодон кийин башталды. Шайлоонун жыйынтыгында жеңүүчү деп азыркы президент Николас Мадуро жарыяланган.

Борбор калаа Каракаста дүйшөмбүнүн кечинде миңдеген киши чогулуп, президенттик сарайды көздөй жөө жүрүш жасашты. Полиция жана аскер кызматкерлери аларга желим ок атып, көздөн жаш агызуучу граната, ал эми митингчилер күч органдарынын өкүлдөрүнө каршы таш жана ичине күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышты.

AFP маалымат агенттиги башаламандыкта кеминде бир кишинин өмүрү кыйылганын, 46 киши кармалганын жергиликтүү укук коргоочуларга таянып 30-июлда билдирди.

Коргоо министри Владимир Падрино Лопес 23 аскер кызматкери жараат алганын X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө жазды.

Венесуэланын Улуттук шайлоо кеңеши шайлоодо Мадуро алдыга чыкканын, ага добуштардын 51,2% тийгенин жарыялаган.

Оппозиция нааразылыгын билдирип, өзүнүн талапкери Эдмундо Гонсалес 73% добуш алганын айтууда.

Түндүк жана Түштүк Америка аймагындагы кеминде 12 өлкө бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялашты, 31-июлда алар Америкалык мамлекеттер уюмунун туруктуу кеңешинин жыйынын өткөргөнү жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG