Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:35

Пакистанда кытайлык долбоорго каршы акция уланууда


Гвадар. 2024-жылдын 29-июлу.
Гвадар. 2024-жылдын 29-июлу.

Пакистанда миңдеген кишилер кытайлык долбоордун кеңейишине каршы баштаган акциясын бир аптадан бери улантып жатат. “Машаал” радиосунун маалыматына караганда, Белужистан провинциясынын порттук Гвадар шаарындагы акцияда белужи уруусунун айрым өкүлдөрү дайынсыз болуп жатканы да белгиленип, буга байланыштуу өлкө бийлигине нааразылык айтылууда.

Акциянын катышуучулары менен күч кызматкерлери ортосунда кагылышуу болгонун, бир аскер кызматкери мүрт кеткенин, 16сы жараат алганын Пакистан армиясы 29-июлда билдирди.

Белужи коомчулугунун өкүлү Махранг Белужанын айтымында, 24-июлда башталган митингде бул аймактагы газ жана көмүр сыяктуу кен байлыктарын жергиликтүү калктын өнүгүүсүнө жумшоо талабы айтылууда.

Кытай өкмөтүнүн "Бир алкак – бир жол" эл аралык демилгесинин нугунда соңку бир нече жылдан бери Пакистандын батышында, Иран менен чектеш тилкесиндеги Гвадар портунда кытайлык адистер иш жүргүзүүдө. Кытай бул демилгесин Пакистанда ишке ашыруу максатында жалпысынан 65 миллиард доллар инвестиция салган.

Демонстранттардын арасынан 25 киши "өкмөттүн ишине кийлигишүүдө" деген шек менен кармалганын Пакистандын ички иштер министринин орун басары Мир Зиаулла Ланго билдирди.

Бирок акциянын катышуучулары полиция кармап кеткендер 300дөн ашканын айтып жатышат.

Белужи коомчулугунун өкүлдөрү акцияны уюштурууга түрткү болгон дагы бир себеп алардын арасынан айрымдарынын дайыны табылбай жатканы экенин билдирип, мындай адамдардын саны миңге жакындаганын айтышты.

Өкмөт аларды дайынсыз деп айтуу туура эмес болорун, себеби алар бийликке каршы куралчан топтордун катарына кошулуп кеткенин билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG