Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:35

УКМК үч өлкө ортосунда баңгизат ташыган жаран кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тажикстан - Кыргызстан - Өзбекстан багыты боюнча эл аралык баңгизат ташуу каналы аныкталганын 30-июлда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, 21-июлда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында бул топтун мүчөсү чет өлкөлүк Д.М. аттуу жаран кармалып, анын жанынан баасы 6,5 миллион сомду түзгөн 15 килограммдан ашык кара куурай чайыры табылган.

“Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча Д.М. баңгизат каражаттарын сатуу максатында Өзбекстандын Фергана облусуна өткөрүү ниети болгонун мойнуна алган. Мындан улам, 22-июлда Ош шаардык сотунун чечими менен шектүү тергөө аяктаганга чейин, башкача айтканда, 16-сентябрга чейин камакка алынды”, - деп жазылган билдирүүдө.

УКМК кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатканын жана буга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо аракети жүрө турганын кошумчалады.

Атайын кызмат 10-июлда да Тажикстан - Кыргызстан - Өзбекстан багытында жана Ош облусуна баңгизаттарын таратуу менен алектенген кылмыштуу топ аныкталып, кармалганын билдирген. Шектүү үч жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG