Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:33

Кыргызстанда миңден ашык айылда таза суу тартыш


Алай районундагы айылдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Алай районундагы айылдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы 1906 айылдын 637си гана таза суу менен камсыздалган. Дагы 1071 айылга жакын арада ичүүчү суу киргизүү зарылчылыгы бар. Айыл чарба министрлиги 30-июлда тараткан маалыматка караганда, учурда өлкө боюнча 260 айылга таза суу киргизүү программасы иштеп жатат. Анын алкагында Жалал-Абад облусундагы 24 айыл, 6 шаар, Баткен облусундагы 72 айыл, 6 шаар, Ош облусундагы 42 айыл 4 шаар, Талас облусундагы 17 айыл, 1 шаар, Чүй облусундагы 42 айыл, 5 шаар, Ысык-Көл облусундагы 20 айыл, 3 шаар, Нарын облусундагы 43 айыл, 1 шаар таза суу менен камсыз болот.

Программа канча убакыт ичинде толук аткарылары айтылган эмес.

2024-2030-жылдары жер алдындагы сууларды пайдалануу боюнча программа да ишке ашырылып, 1155 скважинаны оңдоо иштерине 3,6 млрд. сом каражаты сарпталат.

Таза суу маселеси өлкөдөгү көйгөйлүү маселелердин бири. Айрыкча ичүүчү суунун тартыштыгы аймактарда курч. Ичкенге таза суу жеткиликтүү болбогон айылдарда күз мезгилдеринде ичеги-карын оорулары, жугуштуу илдеттерге байланыштуу маселе жаралат.

Былтыр, 2023-жылдын жайында Архитектура, курулуш, жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги айылдардагы суу маселесин чечүү үчүн "айыл өкмөт, губернатор, акимдердин жардамы менен жер-жерлерди кыдырып, маалымат базасын жаңылоо" зарылчылыгы бар экендигин, долбоорлоодон кийин гана көйгөйдү чечүүгө канча каражат керектиги так болорун билдирип, кыргыз бийлиги 2026-жылга чейин айылдарды толук таза суу менен камсыздоо программасын кабыл алганын белгилеген.

2011-жылы республиканын жүздөгөн айылдарын таза суу менен камсыздоо максатында “Таза суу” долбоору ишке кирип, былтыр Азия өнүктүрүү банкы каржылоону токтоткон. Долбоор болжол менен 20 миллион АКШ долларын түзгөн. Төрт жыл мурун бийлик 2023-жылга чейин өлкөнүн калкын таза суу менен толук камсыз кылууга убада берген.

XS
SM
MD
LG