Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Германия "кылмышка барган" мигранттарды депортациялоону сүйлөшүүдө


Германиянын ички иштер министри Нэнси Фезер.
Германиянын ички иштер министри Нэнси Фезер.

Германия кылмышкер мигранттарды депортациялоо боюнча жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ички иштер министри Нэнси Фезер Bild am Sonntag басылмасына курган маегинде билдирди.

"Биз зордук-зомбулукка барган радикал кылмышкерлерди акырындап депортациялоону көздөп жатабыз. Биз Ооганстан менен Сирияга депортациялоону ишке ашыруу үчүн ар кайсы өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз".

Бул маселе июнь айында Манхаймда полициячыга кол салуудан кийин көтөрүлдү. Полициянын версиясына караганда, кылмышка ооганстандык мигрант барган.

Басылма белгилегендей, быйыл 40 миңдей сириялык жана 20 миңдей ооганстандык немис бийлигинен баш калка сурап кайрылган.

Тышкы иштер министри Анналена Бербок өкмөттүн бул кадамына каршы чыгып, мигранттарды Ооганстан сыяктуу өлкөлөргө депортациялоо мүмкүн эмес экенин айтып келет.

Буга чейин расмий Берлин кылмышка барган ооганстандыктарды мекенине депортациялоо максатында Ташкент менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканы кабарланган. Немис басылмалары жазгандай, алгач ооганстандыктарды Өзбекстанга жеткирип, андан ары Кабулга жөнөтүү планы каралып жаткан.

XS
SM
MD
LG