Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:42

Тажикстанда оппозициячыл активисттин иниси 12 жылга кесилди


Аслиддин Шарипов.
Аслиддин Шарипов.

Тажик оппозициясынын активисти Шавкат Мухаммаддын иниси Аслиддин Шарипов 12 жылга кесилди. "Озоди" радиосу жазгандай, март айында чыгарылган өкүм тууралуу 29-июлда маалым болду. Бийлик бул тууралуу эч кандай билдирүү тараткан эмес. Шариповдун айрым жакындары да соттун өкүмү жөнүндө кабарсыз экенин айтышты.

Жакын санаалаштарынын биринин айтымында, Аслиддинди Кожент шаарындагы убактылуу кармоочу жайынан Дүйшөмбүдөгү түрмөлөрдүн бирине которушту.

Аслиддин Шарипов 2016-жылдан бери Орусияда жашап келген. Тажик бийлигинин суранычы менен 2022-жылдын сентябрь айында кармалып, бир айдан кийин мекенине экстрадицияланган. Эки ай бою ал кайда экени, кандай шартта кармалып турганы тууралуу маалымат болгон эмес. Кийин гана жакындары Шарипов Коженттеги убактылуу кармоочу жайда экенин билишкен.

Ушул күнгө чейин тажик бийлиги активисттин кармалышынын себебин түшүндүрө элек. Орусиянын Нижний Тагил шаарындагы прокуратурасынын бүтүмүнө ылайык, Шарипов тыюу салынган уюм менен кызматташууга жана анын ишмердүүлүгүн Интернетте пропагандалаганы үчүн шектелип жаткан.

Маалыматка караганда, Шарипов Орусияда жана Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясын" жактаган маалыматтарды Фейсбукка жайгаштырып келген.

Укук коргоочулар Шариповдун кармалышын жана экстрадицияланышын анын агасы Шавкат Мухаммаддын ишмердүүлүгү менен байланыштырып келишет. Мухаммад Тажикстанда тыюу салынган "Паем" телеканалынын редактору болуп чет жакта иштеп келет.

"Озоди" радиосуна курган маегинде Шавкат Мухаммад бийлик анын үнүн басуу үчүн инисин камакка алганын айткан.

Аслиддин Шарипов 37 жашта, үч баланын атасы.

XS
SM
MD
LG