Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:50

Москвада чеченстандык миллионер Муса Бажаевдин уулу кармалды


Тимур Бажаев сотто. 29-июль, 2024-жыл.
Тимур Бажаев сотто. 29-июль, 2024-жыл.

Москванын Замоскворецкий райондук соту миллионер Муса Бажаевдин уулун полицияга кол салууга байланыштуу камакка алды. Бул тууралуу Москвадагы жалпы юрисдикциядагы соттордун маалымат кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясына караганда, Тимур Бажаев 27-июлда "Лужники" комплексинин жанындагы кайтаруудагы аймакка текшерүүсүз өтүүнү көздөгөн. Ал сөгүнүп, бийлик өкүлүнө каршы күч колдонгону маалымдалды.

Мамлекеттик Думанын депутаты Александр Хинштейн "23 жаштагы көпкөн бала" катардагы полициячыны эмес, Москванын Ички иштер башкармалыгынын коомдук тартипти көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Александр Махонинге кол көтөргөнүн айткан.

Sota Телеграм-каналы жазганына караганда, Махонин көп жылдардын бери ар кандай каршылык акцияларын таркатуу иштерин башкарып келет.

Тергөө комитети жарыялаган видеодо жигит полиция кызматкерин уруп жатканын көрүүгө болот. Сотто Бажаев ал жабырлануучу экенин, мыйзамсыз кармалганын билдирди.

"Мен жөн жерден эле полиция кызматкерине кол салгандай көрүнүп жатат. Мен келесоо эмесмин да. Акыл-эсим ордунда. Чындыгында Махонин өзү мага кол салды. Мен андан коргонууга аракет кылдым",- деген Бажаевдин сөздөрүн Телеграм-каналдар жазышты.

Маалыматтарга караганда, Тимур Бажаев Москва мамлекеттик университетинде үчүнчү курста окуйт. Атасы Муса Бажаевдин байлыгы 750 миллион долларга бааланат. Ал "Альянс Группа" компаниясынын президенти.

XS
SM
MD
LG