Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:09

Зеленский АКШ менен Орусиянын ортосундагы Киев катышпаган сүйлөшүүлөрдү "кооптуу" деп атады


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский өз өлкөсүндөгү согушту токтотуу тууралуу АКШ менен Орусиянын ортосундагы Киев катышпаган сүйлөшүүлөр "бардыгы үчүн кооптуу" болорун айтты. Ал мындай пикирин 1-февралда "Ассошиейтед пресс" жаңылыктар агенттигине курган маегинде билдирди.

"Алардын өз ара мамилеси болушу мүмкүн. Бирок Украина жөнүндө биздин катышуубуз жок сүйлөшүү - бардыгы үчүн кооптуу", - деди Зеленский.

Ал мындай сүйлөшүүлөргө АКШ, Орусия жана Украинадан тышкары Европа Биримдиги да катышышы керек экенин кошумчалады. Ошондой эле Зеленский өз командасы АКШнын жаңы кызматка киришкен президенти Дональд Трамптын администрациясы менен “жалпы деңгээлде” байланышып жатканын, жакын арада бетме-бет жолугушуулар болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Буга чейин Трамптын Украина жана Орусия боюнча атайын чабарманы Кит Келлоггдун январь айына белгиленген Киев сапары "юридикалык маселелерден" улам башка күнгө жылдырылганы белгилүү болгон. Келлогг 31-январда Fox News телеканалына курган маегинде президент Трамптын Украинадагы согушту бир нече айдын ичинде токтотуу боюнча “бекем” стратегиясы бар экенин айтып, Американын жаңы лидерин “мыкты келишим түзүүчү (арачы)” деп атады.

Дональд Трамп Украинадагы согушту тез арада бүткөрүүнү көздөрүн, жакын арада орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусу мүмкүндүгүн билдирип келет. Ал өз администрациясы Украинадагы согуш маселесин Орусия менен "абдан олуттуу" деңгээлде талкуулаганын, жакын арада куралдуу кармашты токтотуу боюнча "орчундуу" кадамдар болушу мүмкүндүгүн жума күнү айткан.

Буга чейин Путин Трамптын сүйлөшүү тууралуу билдирүүлөрүн кубаттап, аны менен жолугушууга даяр экенин туюнткан. Бирок ал украин лидери Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөр болушу мүмкүндүгүн четке каккан.

24-февралда Орусиянын күчтөрү Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согуш баштаганына үч жыл болот. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебине ылайык, бул аралыкта Украинада кеминде 12 миң жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Карапайым тургундар арасындагы жоготуулар мындан кыйла көп болушу мүмкүн. Согуш тутангандан бери Украина да, Орусия да оң миңдеген аскерлеринен ажыраганы кабарланып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG