Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:41

Израил Голан дөңсөөлөрүнө жасалган соккуга жооп катуу болорун эcкертти


Голан дөңсөөлөрүндөгү чабуул жасалган футболдук аянтча. 28-июль, 2024-жыл.
Голан дөңсөөлөрүндөгү чабуул жасалган футболдук аянтча. 28-июль, 2024-жыл.

Израил аннексиялап алган Голан дөңсөөлөрүнө Ливан тараптан жасалган сокку 27-июлда 12 адамдын өмүрүн алгандан кийин Тель-Авив "душманга катаал жооп кайтарыларын" убада кылып, Газадагы согуш аймакка жайылып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

Иран мындай аракеттер "олуттуу кесепеттерге алып келиши" ыктымалдыгын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш 27-июлдагы ракеталык аткылоону айыптап, тараптарды сабырдуулукка чакырды.

ЦАХАЛ чабуулду 7-октябрдан берки "Израилдин карапайым тургундарына жасалган кандуу кол салуу" деп атады.

27-июлда Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждаль-Шамс шаарына жасалган чабуулда кеминде 12 адам мерт болуп, дагы 30дан ашыгы жараат алды. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) билдиришинче, набыт кеткендер жана жараат алгандар 10-20 жашта.

Ракеталык сокку Ливан тараптан болгону айтылууда. Ал футбол аянтчасына балдар топ ойноп жаткан маалда урулган.

Израил 1967-жылы араб мамлекеттеринин коалициясына каршы алты күндүк согушта Сириянын Голан дөңсөөсүнүн көпчүлүк бөлүгүн жана Иерусалим шаарынын чыгыш бөлүгүн ээлеп, 1981-жылы аннексиялап алган.

XS
SM
MD
LG