Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:48

Африкадагы уруулар менен кармашта "Вагнердин" ондогон жоочулары каза болду


Малидеги "вагнерчилер". Архивдеги сүрөт.
Малидеги "вагнерчилер". Архивдеги сүрөт.

Орусиялык "Вагнер" менчик аскердик компаниясы Малидеги туарег уруусунун козголоңчулары менен кармашта ондогон жалданма аскерлери набыт болгонун ырастады.

Расмий маалыматта Алжир менен чек арада болгон кармашта канча жоочунун өмүрү кыйылганы такталган эмес. Буга чейин орусиялык Телеграм-каналдар 20-50 жалданма аскер набыт болушу мүмкүн экенин жазышкан. Ал эми "Би-Би-Синин" орус кызматы өз булактарына таянып, кеминде 82 "вагнерчи" каза болгонун кабарлады.

"Вагнер" менчик аскердик компаниясы тараткан билдирүүгө караганда, айыгышкан кармаштар 22-июль күндөрү жүргөн. Ага Малинин куралдуу күчтөрүнүн аскерлери да катышкан. Жергиликтүү козголоңчулар ошол маалда башталган кум бороонунан пайдаланып, "вагнерчилерди" тузакка түшүргөн.

2022-жылы Малиде аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында бийликке полковник Ассими Гоита башында турган хунта келген. Алар Орусиянын бийлиги менен жакшы алакада. Былтыр "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин өлүмүнөн кийин орус армиясы менен келишим түзбөгөн жалданма жоочулар Африкага кеткен.

Туарегдер негизинен Мали, Алжир жана Ливиянын аймагында отурукташкан түпкүлүктүү калк. 2012-жылы Малинин түндүгүндөгү туарегдер өзүлөрүнүн көз карандысыз Азавад мамлекетин жарыялап алышкан. Ошондон бери ал өкмөттүк күчтөр менен кармашып келишет.

Туарегдер "Ислам мамлекети", "Аль-Каида" сыяктуу террордук уюмдарга байланышы бар топтор менен кармашып келишет.

XS
SM
MD
LG