Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:46

Орусияда электр чыгырык тепкендерге айып пул салуу каралууда


Орусиядагы борбор азиялык мигранттар электр чыгырык тепкендерге ири өлчөмдө айып пул салуу боюнча мыйзам долбооруна тынчсызданып жатышат.

Мамлекеттик Думада биринчи окуудан өткөн мыйзам долбооруна караганда, алкоголдук ичимдик ичип алып электр чыгырык айдагандарга 20 миңден 30 миң рублга чейин, ылдамдыкты жогорулатканы үчүн 500дөн 5000 рублга чейин, кимдир бирөөгө жеңил жаракат келтирсе, эки миңден беш миң рублга чейин айып пул каралган.

Андан тышкары чоң жолдо айдаганы, жолду туура эмес кесип өткөнү үчүн дагы электр чыгырык тебүүчүлөргө айып пул салынат.

Муну менен мыйзам чыгаруучулар жол кырсыктарын азайтууну көздөшөт.

Орусиядагы тамак-аш жана башка буюм-тайымдарды жеткирүү кызматтарында иштегендер мындай чектөөлөр коррупциянын күчөшүнө жана полициянын басымынын катаалдашына алып келерин айтышууда. Бул кызматтарда негизинен борбор азиялык мигранттар эмгектенишет жана алар электр чыгырыкты көп колдонушат.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 23-июлдагы пленардык жыйында миграциялык көзөмөлдү күчөткөн мыйзамдар топтомун кабыл алган. Ага ылайык, полицияга чет элдиктерди депортациялоого уруксат берилди. Визасыз жүрүү режими 180 күндөн 90 күнгө кыскартылды.

Буга чейин мигранттарды депортациялоо чечимин бир гана соттор же Чек ара кызматы кабыл алып келген.

Андан тышкары визасынын же жашоого уруксат берүүчү кагаздын мөөнөтү өтүп кеткен жарандарды "өлкөдөн чыгаруу режими" киргизилди.

XS
SM
MD
LG