Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:36

Иранда аятолла Пезешкианды президенттикке бекитти


Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи (ортодо) 28-июлда Масуд Пезешкианды Ирандын президенттигине расмий түрдө жактырды.
Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи (ортодо) 28-июлда Масуд Пезешкианды Ирандын президенттигине расмий түрдө жактырды.

Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи 28-июлда Масуд Пезешкианды Ирандын президенттигине расмий түрдө бекитти. Бул тууралуу "Фарда" радиосу жазды. Масуд Пезешкиан 30-июлда өлкөнүн парламентинде ант берип, кызматка киришет.

Ички иштер министрлиги жарыялаган жыйынтыктарга ылайык, 69 жаштагы Пезешкиан 5-июлда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында ашынган консерватор, катаал режимдин жактоочусу Саид Жалилди 53,7% добуш менен жеңген. Жалилини шайлоочулардын 44,3% колдогон.

Пезешкиан 2008-жылдан бери парламент мүчөсү, 2016-2020-жылдары спикердин орун басары болгон. Иран бийлигинин милдеттүү түрдө хижаб кийүү боюнча чечимин сындап, Батыш менен сүйлөшүүлөрдү жактаган. Ошол эле маалда Хаменеинин саясатын жолдой турганын убада кылган.

Иранда шайлоо экономикалык кризис күч алып, жашоо деңгээли төмөндөп кеткен чакта өттү.

Ирандын мурдагы президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиян жана башка бир нече киши бараткан тик учак 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап, ичиндеги сегиз кишинин баары каза болгон. (AiA)

XS
SM
MD
LG