Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:38

Быйыл Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун 40 чакырымы курулат


Бишкектен-Балыкчыга бараткан поезд.
Бишкектен-Балыкчыга бараткан поезд.

Президент Садыр Жапаров 28-июлда Бишкектеги темир жол бекетине күтүүсүз барды. Анын басма сөз кызматы анда вокзалдын азыркы абалы, оңдоп-түзөө иштери менен таанышканын билдирди. Андан ары Жапаров Балыкчы шаарына поезд менен барып, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушу менен таанышты.

"Садыр Жапаровго "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн бул темир жолдун курулушунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, учурда 38 чакырымга чейин жол полотносу жана суу өткөрүүчү түтүктөр курулду. Жыл аягына чейин жалпысынан 40 чакырым темир жолду бүткөрүү пландалып жатат",- деп жазылган маалыматта.

Бул жолду куруу 2022-жылы мартта расмий башталган. Анда "Балыкчы" станциясындагы салтанаттуу иш-чарага президент катышып, "жаңы темир жол түйүнүнүн жерпайы түптөлүп жатканын, ал өлкөнүн келечеги үчүн зор мааниге ээ экенин" белгилеген.

Жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн темир жолдун курулушу 2030-жылга чейин аяктайт, ага кошумча инвестиция тартылбайт, анткени өлкөнүн өз каражаты жетишет деп айтылган. Андан көп өтпөй "Кыргыз темир жолу" ишканасы Орусиянын компаниялары аталган темир жол долбооруна катышарын билдирген. Буга байланыштуу аталган мекеме "Орусиялык экспорттук борбор" жана "РЖД интернешнл" компаниялары менен 2022-жылы 9-декабрда Бишкекте үч тараптуу меморандумга кол койгон.

Ага чейин өкмөт башчы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште бул долбоорду толук бүтүрүү үчүн инвестор изделип жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG