Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:32

АКШ Голандагы чабуулду айыптады


Голан дөңсөөлөрүнө жасалган чабуулда каза болгондордун жакындары. 28-июль, 2014-жыл.
Голан дөңсөөлөрүнө жасалган чабуулда каза болгондордун жакындары. 28-июль, 2014-жыл.

Америка Кошмо Штаттары Израилдин көзөмөлүндөгү Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждаль- Шамс шаарына жасалган ракеталык чабуулду кескин айыптады. "Свобода" радиосу жазгандай, Ак үйдүн билдирүүсүндө бул “үрөй учурган кол салуу” деп айтылып, АКШ Израилди коргоого жана анын коопсуздугун камсыз кылууга умтулат деп айтылат. Билдирүүдө ливандык “Хезболла” радикал тобу тууралуу түз айтылган эмес.

Голанга болгон чабуулду БУУ жана Евробиримдиктин өкүлдөрү да айыпташты. Билдирүүлөрдө Израил менен "Хезболланын" ортосундагы чыр-чатактын толук масштабдуу согушка айланып кетиши мүмкүн экенине тынчсыздануулар айтылып жатат.

"Хезболла Израилдин түндүгүндө футбол ойноп жаткан балдарды көздөй ракета атты. Андан соң алар чабуулду жасаган жокпуз деп актанып жатышат", - деп билдирди Израил армиясынын маалымат катчысы Даниел Хагари.

Израил оккупациялап алган Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждаль-Шамс шаарына жасалган чабуулда кеминде 12 адам мерт болуп, дагы 30дан ашыгы жараат алган. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) билдиришинче, набыт кеткендер жана жараат алгандар 10-20 жашта болгон.

Ракеталык сокку Ливан тараптан келгени айтылууда. Ал футбол аянтчасына, балдар топ ойноп жаткан маалда урулган.

Израилдин түндүгүн жана Голан дөңсөөлөрүнүн "Хезболла" соңку учурда маал-маалы менен аткылап келген.

Израил 1967-жылы араб мамлекеттеринин коалициясына каршы алты күндүк согушта Сириянын Голан дөңсөөсүнүн көпчүлүк бөлүгүн жана Иерусалим шаарынын чыгыш бөлүгүн ээлеп, 1981-жылы аннексиялап алган.

Израил менен Ливандын чек арасындагы кырдаал былтыр октябрда АКШ менен Европа мамлекеттери террордук деп эсептеген Палестинадагы ХАМАС тобу Израилге кол салгандан кийин курчуй баштаган. (AiA)

XS
SM
MD
LG