Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:33

Париж-2024: Кубанычбек Айбек уулу алгачкы беттешинде жеңилди


Кубанычбек Айбек уулу.
Кубанычбек Айбек уулу.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу алгачкы беттешинде жеңилди. Ал 66 килограммга чейинки салмакта украиналык Богдан Ядов менен беттешип, иппон менен жеңилип, мелдештен четтеди.

Бул Кубанычбек Айбек уулунун биринчи олимпиадасы болду. Ал 23 жашта.

Дзюдо боюнча мелдештер 27-июлда башталган. 3-августта жыйынтыкталат. Кыргызстандык дагы бир балбан Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта 31-июлда мелдешке чыгат.

26-июлда башталган Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медал ойнотулат.

Мелдештин биринчи күнүндө Австралия курамасы үч алтын, эки күмүш утуп, мелдеш жадыбалында биринчи орунга чыкты. Кытай курамасынын спортчулары эки алтын, бир коло медал утушуп, экинчи сапта. АКШ бир алтын, эки күмүш, эки коло медал утуп үчүнчү орунда. Казакстан курамасы мелдештин биринчи күнүндө бир алтын, бир коло медал утуп, 6-орунга жайгашты. Алтын медалды дзюдочу Элдос Сметов 60 килограмм салмакта утуп алды.

Кыргызстандан спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. Оюндардын биринчи күнүндө суучул Денис Петрашов жарышка чыгып, 23-орунду ээледи.(GT)

XS
SM
MD
LG