Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:35

Орусиянын чабуулунан Украинада жай тургундар набыт болду


Херсон облусу. (Иллюстративдик сүрөт)
Херсон облусу. (Иллюстративдик сүрөт)

"Свобода" радиосу Орусиянын аткылоосунан ишембиде Донецк облусунун Украинанын көзөмөлүндөгү райондорунан беш карапайым тургун набыт болгонун жазды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, каза болгон жарандар Ивановка, Константиновка, Торецк шаарынын тургундары болгон. Ушул эле күнү бул калктуу конуштарда 15 адам жараат алган.

Украинанын Харьков жана Херсон облустарынын бийликтери жай тургундардын өлүмү тууралуу жекшемби күнү кабарлашты. Маалыматка караганда, Херсондо көп кабаттуу үйгө тийген снаряддан 64 жаштагы аял каза тапкан. Харьков облусунда болгон аткылоодо 70 жаштагы тургун каза болгон.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку чабуул туурасында комментарий бере элек.

Жекшембиге караган түнү Орусиянын Курск аймагындагы мунай базасында дрон чабуулунан кийин өрт чыкканы кабарланды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, жабыркагандар болгон эмес.

Орусиянын Украина менен чек арага жакын аймактары акыркы айларда дээрлик күн сайын аткылоого жана учкучсуз учактардын чабуулдарына туш болуп келет. Орус тарап бул үчүн Украинанын куралдуу күчтөрүн айыптап келет. Украин тарап чабуулдар боюнча комментарий бере элек. (AiA)

XS
SM
MD
LG