Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:33

Францияда темир жол каттамдары толук калыбына келе элек


Францияда вандализмден улам бир нече жогорку ылдамдыктагы темир жол каттамы жабыркаган.
Францияда вандализмден улам бир нече жогорку ылдамдыктагы темир жол каттамы жабыркаган.

Францияда Париж Олимп оюндарынын ачылышы алдында үзгүлтүккө учураган темир жол каттамдары толук калыбына келе элек. Полиция 26-июлда диверсия катары мүнөздөгөн вандализмден улам бир нече жогорку ылдамдыктагы темир жол каттамы жабыркаганын билдирген.

Өлкөнүн премьер-министри Габриэль Атталь коопсуздук кызматы темир жолдорго өрт койгон диверсанттарды издөө уланып жатканын билдирди.

Ишембиде өлкөдө тез ылдамдыктагы поезддердин үчтөн бир бөлүгү каттамга чыккан жок. Франциянын Транспорт министрлиги кыймыл дүйшөмбүгө караган түнгө чейин калыбына келтирилерин билдирди.

Буга чейин Франциянын SNCF темир жол компаниясы бул окуялардан улам кеминде 800 миңдей жүргүнчү жабыркай турганы кабарлаган. Компания SNCF жүргүнчүлөрдү мүмкүн болсо темир жол бекеттерине барбай турууга, сапарын кийинкиге жылдырууга чакырган.

Парижде жайкы Олимп оюндары 26-июлда расмий ачылды. Мелдештерге 206 мамлекеттен барган 10 жарым миңдей спортчу, анын ичинен Кыргызстандын 16 өкүлү катышат.

XS
SM
MD
LG