Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:15

ХАМАС Газадагы мектепке урулган соккуда 30дай адам мерт болгонун билдирди


Израилдин Газа секторунун борборундагы мектепке жасаган чабуулунда 30дай адам мерт болду. АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо министрлиги дагы 100дөн ашык палестиналык жараат алганын кабарлады.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) бул мектепте ХАМАСтын командалык-көзөмөл борбору жайгашканын билдирди. Аны башпаанек катары пайдаланып, курал-жарагын сактап, чабуулдарды уюштуруп жүргөнүн айтты. ЦАХАЛ бул чабуулдун кесепетин жайкын тургундарга тийгизбөө үчүн “мүмкүн болгон бир топ чаралар” көрүлгөнүн белгиледи.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккуда набыт болгондор жайкын тургундар экенин, алардын арасында балдар көп болгонун маалымдап жатат.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Газа боюнча эл аралык уюмдар сектордо жайкын тургундар үчүн коопсуз жер калбай калганын белгилеп келет.

Газадагы согуштун башталышына "хамасчылардын" 7-октябрда Израилдин аймагына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алышы түрткү болгон. Израил армиясы радикал топту жок кылуу максатында Газада аскердик операциясын баштаган. Тогуз айдан бери анклавда кеминде 38 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирип келет.

XS
SM
MD
LG