Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:59

Түндүк-түштүк кошумча жолундагы Көгарт тоннелин бетондоо аяктады


Түндүк-түштүк кошумча жолу, архивдик сүрөт.
Түндүк-түштүк кошумча жолу, архивдик сүрөт.

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтарнативдүү жолдогу Көгарт тоннелин бетондоо аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алты айлык ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды

"Учурда штольнянын ичин бетондоо, дренаж казуу жана тоннел менен штольняны бириктирген өтмөктөрдү бетондоо жумуштары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Тоннел Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, жолдун 334-338-чакырымында Казарман- Жалал-Абад тилкесинде жайгашкан. Узундугу 3890, туурасы 10 метр, ал эми бийиктиги 8,5 метрди түзөт. Тоннелди казуу былтыр аягына чыккан.

Буга чейин аталган министрликтин өкүлдөрү бул жолду куруу толугу менен ушул жылы аяктарын билдирип келишкен.

Жогорку Кеңеште альтернативдүү жолду куруудагы коррупцияга байланыштуу сын-доомат айтылып, иликтөө үчүн депутаттык топ түзүү сунушу бир канча жолу көтөрүлгөн.

Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык бул жол өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң дымактуу долбоор катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт.

Кошумча жолду куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону - грант). Каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөн деп айтылган болчу.

Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Туура бир жыл мурда жолдун Жумгалдагы Арал айылынан Тогуз-Тородогу Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы колдонууга берилген. Кан жол Көкөмерен жана Нарын дарыясын жээктеп салынган. 100 чакырым жолдун 87 чакырымы мурда жол түшө элек жерден өткөн. Быйыл жыл башында Көгарт ашуусунда кошумча кичи тоннел ачылган.

Буга чейин жаз айларында бул жолдо таш кулап, сел жүргөн окуялар катталган жана парламентте жолдон жүрүүгө өтө кооптуу абал жаралганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG