Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:57

ТИМ Казандагы кыргыз мигранттары жасаган кайрылууга жооп берди


Казань шаары, архивдик сүрөт.
Казань шаары, архивдик сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ)Татарстандын Казань шаарындагы кыргыз мигранттарынын өлкө башчыларына жолдогон кайрылуусу тууралуу комментарий берди. Алар менен аталган шаардагы башкы консул Эрик Бейшембиев жолукканын, тиешелүү консультациялар берилип, орчундуу маселелерди талкуулоо үчүн маал-маалы менен жолугушуп туруу макулдашылганын билдирди.

“ТИМ бул маселени көзөмөлгө алды. Жакында Башкы консулдукта бул көйгөйдү дагы талкуулап, өз ара кызматташуунун жол-жобосун иштеп чыгуу үчүн кайрылуу жасаган жарандар менен дагы жолугушуу пландалып жатат”-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Казанда негизинен такси айдаган ондой кыргыз жараны аларды полиция негизсиз кармап жатканын, башкы консул менен байланышуу дээрлик мүмкүн эмес экенин айтып президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жолдогон.

“Биз сиздерге жаштардын атынан кайрылып жатабыз. Негизинен такси жаатында иштейбиз. Биз 24 сааттын 12 сааты көчөдө болобуз, дайыма полицияга түшөбүз. Колубузда таза документибиз болсо дагы алар бизди кое бербейт, булардын максаты бизди депортация кылуу, мигранттардын санын азайтуу. Башкы консул бизди эч качан кабыл албайт, чалсак албайт, жазсак жооп бербейт. Барсак “силер бул жакта эмне кылып жүрөсүңөр, барып малыңарды баккыла” деп шылдыңдайт. Маселебизди айтсак "биздин мамлекетке шек келтирип жатасыңар" деп коркутат”,-деген кайрылуу жасаган жарандардын бири.

Казанда Кыргызстандын Башкы консулдугун ушул жылдын февраль айында ачылган.

ТИМ буга чейин "Азаттыкка” жыл башынан берки төрт айда 282 кыргызстандык Орусиядан депортация болгонун билдирген. Былтыр бир жылда 13 миңден ашык кыргыз жараны чыгарылган.

Расмий маалымакта ылайык, чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Алардын 400 миңден көбү Орусияда.

XS
SM
MD
LG