Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:26

Бишкек соту Көлбаевдин апасынын үйүндө процесс болгонун ырастады


Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн.
Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн.

Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) апасынын үйүндө, ал төшөктө жаткан абалда процесс болгонун ырастады. Ага ылайык, бул иш шаардагы Октябрь райондук сотуна 17-апрелде келип түшкөн. Көлбаевдин апасына Кылмыш-жаза кодексиндеги 222-берене ("кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдоо") менен айып коюлган.

“Үч айдан бери сотко айыпталуучуларды алып келүү үчүн болгон аракеттер көрүлдү. Бирок айыпталуучулар жана алардын адвокаттары сот процессин жасалма жолдор менен чойгонго аракет кылып жатат. Бир эле жолу, 22-июлда сот процесси айыпталуучунун үйүндө өттү. Андан кийинки отурумдар соттун имаратында болду. Келерки процесс 29-июлга белгиленди, сот жараяны ачык”, - деп билдиришти соттон.

Мунун алдында Камчы Көлбаевдин бир тууганы бийликке кайрылып, апасы ооруп, төшөктө жатканына карабай судьялар үйүнө келип, сот процессин өткөргөнүн айтып чыккан.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук комитетинин атайын операциясында өлтүрүлгөн. Андан бери анын кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен бир катар адамдар кармалып, кримтөбөлдүн бир топ мүлкү мамлекетке алынды.

XS
SM
MD
LG