Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:13

Украинадагы согушта мерт болгон 61 миң орусиялыктын тек-жайы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 61 009 орусиялык аскер мерт болду. Бул тууралуу Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы ачык булактарга таянып чогуу аныктап чыкты.

Алардын маалыматына ылайык, набыт болгондордун дээрлик жарымы согуш башталганга чейин орус армиясы менен байланышта болгон эмес. Некрологдордун басымдуу бөлүгүндөгү алардын формачан эмес түшкөн сүрөттөрү тиркелген.

Би-Би-Си учурда расмий Москва согушка жаңы адамдарды тартуу аракетин жандантканын, Орусиянын кеминде он аймагында жаңы келишим түзгөндөргө төлөнчү акчанын көлөмү бир топ көбөйгөнүн билдирди.

Журналисттер согушта ажал тапкандардын аты-жөнүн, тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап келет. Иликтөөчүлөр реалдуу сан кеминде мындан эки эсеге көп экенин белгилешет.

Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Согушкан тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көрсөткөнгө аракет кылат.

XS
SM
MD
LG