Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

"Акынжы" менен "Аксүнгүр" коопсуздукка кепил боло алабы?


Кыргызстандын куралдуу күчтөрү алган учкучсуз учуучу аппараттар.
Кыргызстандын куралдуу күчтөрү алган учкучсуз учуучу аппараттар.

Кыргыз бийлиги армия жана коопсуздук кызматы үчүн жаңы техника сатып алганын, алардын арасында "Акынжы" жана "Аксүнгүр" учкучсуз учактары бар экенин жарыялады. Бул дүйнөдөгү кырдаалдан жана аймактагы коркунучтан улам жасалып жаткан иш катары түшүндүрүлүп келет.

Расмий Бишкек соңку өзгөрүүлөр Куралдуу күчтөрдүн кубатын күчөткөнүн, соңку эки жарым жылдын ичинде аскердик тармакка 120 млрд. сом бөлүнгөнүн билдирүүдө.

Ысык-Көлдөгү машыгуу, "Акынжы" жана "Аксүнгүр".

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү "Акынжы" жана "Аксүнгүр" учкучсуз учактарын алганы 2022-жылы эле расмий айтылып, бирок коомчулукка көрсөтүлгөн эмес. 29-октябрда Ысык-Көлдөгү “Эдельвейс” аскер полигонундагы машыгууда аталган дрондор колдонулду. Бул машыгуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров кыргыз армиясына бюджеттин эсебинен заманбап курал-жарак, аскердик техника сатып алуу уланып жатканын белгиледи:

“Учурда дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал татаал бойдон сакталууда. Алыскы жана жакында чөлкөмдөгү куралдуу кагылышуулар, саясий максаттарга жетүү үчүн мыйзамсыз куралчан түзүмдөрдү жана террористтик топторду колдонуу сыяктуу терс көрүнүштөр ата мекенибиздин чегин, коопсуздугун камсыз кылуу милдетин өтөп жаткан ар бир эр азаматтын жогорку кужүрмөн даярдыкта болушун талап кылууда”, - деди Садыр Жапаров.


Мунун алдында президент Садыр Жапаров учкучсуз учактардын базасына барып, анын курулушуна салым кошкон ишкерлерге да ыраазычылык билдирген.

Ошол эле жерден дрондорду чыгарган Baykar Defence компаниясынын жетекчиси, Түркиянын жараны Байрактар Лютфю Халукту Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы - "Даңк" ордени менен сыйлады.

Түркиянын Baykar Defence компаниясы өндүргөн дрондор дүйнөдөгү ар кандай куралдуу кагылышууларда, Украинадагы согушта колдонулуп келет.

Ысык-Көлдөгү машыгуунун алдында Чек ара кызматынын жетекси Уларбек Шаршеев Жапаровго жаңы алынган курал-жарактарды көрсөтүп, алар Сербия, Азербайжан жана Өзбекстандан алынганын билдирген. Президенттин администрациясы жарыялаган видеодон жаңы алынды делген курал-жарактарды көрүүгө болот.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жапаров Кыргызстандын өндүрүшүнөн чыккан чопкутталган атайын унаа жана дрондор менен да таанышканын жазды. Бирок аталган техника Кыргызстанда жасалганы, же чогултулганы белгисиз.

Коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшенов эң башкысы заманбап техника алуу керектигин белгиледи.

Мурат Бейшенов.
Мурат Бейшенов.

“Биз сатып алып атканыбызды дароо белгилегим келет. Анткени белекке алсак, аны берген өлкөнүн уруксаты жок колдоно албайбыз. Анын үстүнө белекке келген курал-жарактын ок-дарысы чектелүү болот. Канчалык кымбат болсо да сатып алганыбыз жакшы. Биз курал-жаракты өнүккөн өлкөлөрдөн алганга аракет кылышыбыз керек. Орустардыкы дүйнөдөгү алдыңкы курал эмес да. Албетте аскердик тармакта кемчилик жок эмес. Бирок жакшы жылыш бар. Куралдуу кагылыш чыгып кетсе, татыктуу жооп бергенге мүмкүнчүлк пайда болду”.

Негизи эле кыргыз бийлиги соңку эки жылдын ичинде аскердик тармакка, куралданууга көңүл бурула баштаганын айтып келет. Мындай аракеттер ондогон жарандардын, жоокерлердин өмүрүн алган кыргыз-тажик жаңжалынан кийинки учурга туш келди.

Адатта Кыргызстан аскердик-техникалык багытта орус өндүрүшүндөгү курал-жаракка басым жасачу. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчөсү катары расмий Бишкек Орусиядан аскердик техниканы жардам иретинде жана сатып алган учурлары болгон.

Соңку кезде кыргыз бийлигинин бул жааттагы саясатын диверсивикациялоо аракети, түрк өндүрүшүндөгү учкучсуз аппараттарды алууга ынтызарлыгы байкалууда.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда өкмөттүн жыйынында аскердик техника, курал-жарактар жаңыланганын билдирген.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“2020-жылы бул багытка 3,5 миллиард сом гана жумшалса, 2021-жылы 32 миллиард , 2022-жылы 53 миллиард сом сарпталган. Быйыл алты айда 40 миллиарддан ашык сом бөлүндү. Ошентип, соңку 2,5 жылда 120 миллиарддан ашык сом берилди. Мындан улам дүйнөнүн көп өлкөлөрү сатып ала элек "Байрактар", "Аксүнгур" жана "Акынжы" деген учкучсуз аппараттарды, абадан коргоочу жабдууларды, Ми-8, Ми-17 үлгүсүндөгү тик учактарды сатып алдык".

Айрым эксперттер курал-жарактарды ашыкча коомго жарыялап, ачыкташтын кереги жок деп айтып келишет. Муну сырды ачуу, кандайдыр бир деңгээлде чагымчылдык болушу ыктымалдыгы менен түшүндүрүшөт.

Кооптонууга кандай себептер бар?

Аскердик эксперттер Борбор Азияга, анын ичинен Кыргызстанга негизги коркунуч Ооганстан тараптан жаралышы мүмкүн экенин айтышат. Анткени аталган өлкөнү бир жылдан ашык убакыттан бери “Талибан” кыймылы башкарып турат. Анын үстүнө Кыргызстан менен Ооганстанды бөлүп турган Тажикстан менен да эки курдай чоң кагылышуу болгон. Аталган өлкө менен чек араны тактоо иштери жүрүп келет. Ал эми калган коңшулар - Казакстан, Кытай жана Өзбекстан менен чек арага байланыштуу талаш жерлер жокко эсе.

Мындан тышкары Кыргызстан аркылуу баңгизат ташыган топтордон дагы коркунуч жаралышы мүмкүн экени айтылып келет.

Улуттук гвардиянын мурдагы кол башчысы Абдыгул Чотбаев дүйнөдөгү кырдаал курч экенин, ар кандай террордук топтор да баш көтөрүшү мүмкүн экенин айтат.

Абдыгул Чотбаев.
Абдыгул Чотбаев.

“Дүйнөдөгү саясий-аскердик кырдаалдын кандай болуп жатканын көрүп атасыңар. Өзгөчө биздин чөлкөм үчүн Ооганстан кооптуу деп эсептелет. Өткөн жылы коңшу Тажикстан менен куралдуу кагылышуу болгон. Мындан башка да коркунучтар көп. Армения-Азербайжан, Украинадагы согуш көрсөткөндөй бүгүнкү күндөгү эң заманбап, эң натыйжалуу курал - дрондор болуп жатат. Ошон үчүн аны биз алып атканыбыз жакшы”.

Быйыл июнь айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргызстандын жаңы Аскердик доктринасы иштелип чыкканы кабарланган. Анда Кыргызстан кандай гана ички же тышкы конфликт болбосун дипломатиялык жол менен чечүүгө даяр экенин, ошол эле кезде агрессорлорго жооп берүүгө өлкөнүн дарамети жетерин айтылган эле.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG