Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:44

Евробиримдик камактагы орус активдеринин эсебинен Киевге 1,5 млрд евро бөлөт


Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Евробиримдик Украинага камакка алынган Орусиянын активдеринин эсебинен 1,5 млрд евро бөлөт. Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жарыялады.

"Бүгүн биз камактагы орус активдеринен 1,6 млрд АКШ долларын Украинанын коргонуусуна жана калыбына келүүсүнө бөлөбүз", - деп жазды фон дер Ляйен X социалдык түйүнүндө.

Москва 2022-жылдын февраль айында Украинага кеңири масштабдуу согуш ачканы Батыш мамлекеттери 300 миллиард АКШ долларындай орус активдерин камакка алган. Ал эми өткөн "Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер июнь айында Италияда өткөн саммитте Украинага камактагы орусиялык активдердин эсебинен 50 миллиард доллар насыя берүүнү макулдашкан.

Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль Евробиримдикке бул кадамы үчүн X социалдык түйүнү аркылуу ыраазычылык билдирди.

Камактагы орусиялык активдердин көп бөлүгү (228 миллиард доллар) - Европада, 10 миллиард доллар Кошмо Штаттарда, 30 миллиард доллар Жапонияда, 10 миллиард доллар Британияда.

Урсула фон дер Ляйендин билдирүүсүнө Москва дароо реакция жасады. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия Евробиримдиктин кадамын жоопсуз калтырбастыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG