Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:04

Франциядагы темир жол каттамдары үзгүлтүккө учурады


Франциядагы темир жол станцияларынын бири.
Франциядагы темир жол станцияларынын бири.

Францияда Олимпиада оюндарынын ачылышынын алдында полиция диверсия катары мүнөздөгөн вандализмден улам бир нече жогорку ылдамдыктагы темир жол каттамдары жабыркады.

Бул тууралуу Франциянын SNCF темир жол компаниясы билдирди. Маалыматка караганда, бир катар каттамдар жоюлуп, башкалары мөөнөтүнөн кечигип, автобекеттерде кезек күтүүлөр узарган.

Тактап айтканда, Париж, Брюссель жана Амстердамдын ортосунда каттаган Eurostar поездинин жадыбалы өзгөрдү. Темир жолдорго өрт коюу аракеттери болгону кабарланды.

Компания башчысы Жан-Пьер Фаранду окуяны "Францияга каршы чабуул" деп атады.

Каттамдардын үзгүлтүккө учурашынан 800 миңдей жүргүнчү жабыркай турганы кабарланды. SNCF жүргүнчүлөрдү болушунча автобекеттерден алыс болуп, сапарын кийинкиге жылдыра турууга чакырды.

26-июлда баш калаа Парижде Олимпиада оюндарынын ачылышы өтөт. Ага 7500дөй спортчу, 300 миңдей көрүүчү жана ондогон ардактуу коноктор катышары күтүлүүдө.

206 мамлекеттен барган 10 жарым миң атлет, анын ичинен Кыргызстандын өкүлдөрү байге үчүн күч сынашат.

Олимпиада дүйнөдө ири эки согуш уланып, коопсуздук кырдаалы курчуган, Франция өзү саясий кризистин кырында турган учурда өткөнү жатат.

XS
SM
MD
LG