Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:18

Орусия эки күндөн бери Украинанын Дунайдагы портторуна чабуул коюуда


Измаил порту.
Измаил порту.

Украина Дунай дарыясынын жээгинде жайгашкан Измаил порту эки күндөн бери Орусиянын чабуулуна кабылып, дан экспорту үчүн өтө зарыл инфраструктурасы талкаланып жатканын бүгүн 25-июлда билдирди. Ошол эле учурда коңшу Румынияда НАТО өзүнүн F-18 аскердик учактарын аба мейкиндигин көзөмөлдөө үчүн учурууга туура келгенин, анткени Украина менен чек арасында дрон сыныктары табылганын маалымдады.

Украин аскерлери Орусиянын бүгүн учурган 38 дронунун 25ин Одесса, Херсон, Николаев, Киев, Сумы, Житомир жана Черкасск облустарынын аймагынан атып түшүрүүгө үлгүргөнүн, үчөө "румын чек арасынан өткөндөн кийин табылбай калганын" айтышкан.

Измаилдеги жергиликтүү бийлик порт эки күндөн бери талкаланып жатканын, эки киши жараат алганын кабарлады.

Украина Кара деңиздеги порттору аркылуу дан эгинин экспорттойт. Согуш башталгандан кийин мындай мүмкүнчүлүктөн ажыраган. Кийин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Түркия ортомчулугу менен «дан келишими» түзүлгөн, бирок орус тарап андан көп өтпөй чыгып кеткен.

Измаилден тышкары ошол эле Одесса облусунда Рени порту да орус армиясынын соккусуна кабылууда.

Румыниянын Коргоо министрлиги Измаилдин берки бетинде, Дунай дарыясынын жээгинде жайгашкан Плауру кыштагында дрон сыныктары табылганын тастыктап, "Орусияда жасалган "Геран-1/2" учкучсуз учагынын калдыктары аныкталды", - деп билдирди.

Ал эми тышкы иштер министри Луминица Одобеску Орусиянын Украинага жасаган чабуулдарын “жийиркеничтүү” деп айыптап, Бухарест НАТО менен дайыма байланышта экенин билдирди.

"Орусия Украинанын жарандык инфраструктурасына каршы жийиркеничтүү чабуулдарын кайрадан жасады. Румыниянын аймагында сыныктар табылды. Биз бул боюнча союздаштарыбызды кабардар кылып, алар менен макулдашып жатабыз. Румыния бул жоопкерчиликсиз аракеттерди кескин айыптайт", - деп жазды ал X социалдык түйүнүнө. (RK)

XS
SM
MD
LG