Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Казакстанда заводдогу төрт кишинин өмүрүн алган окуя иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда куйма темир (ферросплав) заводундагы кырсыктан жабыркап, ооруканага жаткырылган төрт кишинин экөө жалпы терапия бөлүмүнө которулганын бүгүн 25-июлда “Азаттыктын” казак кызматы Караганда шаарындагы Макажанов ооруканасынын травматология борборунун башчысы Берик Тулеубаевге таянып билдирди.

«Алар шок абалдан чыгарылды, күйүккө каршы терапиясын улантууда», — деп билдирди Тулеубаев жана бейтаптардын жакындарына алардын жанында болууга уруксат берилгенин айтты.

Ал эми дагы эки бейтап азырынча реанимацияда. Дарыгерлер алардын абалын өтө оор деп мүнөздөп жатышат. «Алардын өмүрү үчүн күрөш уланууда», — деди Тулеубаев.

Кырсык YDD Corporation компаниясына таандык заводдо 20-июлда болгон. Темир эритүүчү мештен чыккан жалын каптап, төрт жумушчу каза тапты.

Полиция тергөө баштапкы беренеден өзгөртүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин «Байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген эмгекти коргоо эрежелерин бузуу» деген беренеси менен жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

YDD Corporation окуяны "өзгөчө кырдаал" деп атап, мештен "капысынан" жалын чыкканын билдирди. Эмгек инспекциясы окуянын себептерин жана жагдайларын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн жарыялады. (RK)

XS
SM
MD
LG