Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:46

Стамбулда бозгунда жашаган ирандык тарыхчы камакка алынды


Али Асгар Хакдар.
Али Асгар Хакдар.

Түркияда баш калкалап жүргөн ирандык тарыхчы жана жазуучу Али Асгар Хакдарды мекенине кайтаруу коркунучу жаралганын «Фарда» радиосу жазды. Аны Стамбулда 13-июнда паспорт маселесинен улам кармап кетишкени жана качкындар лагерине жөнөтүшкөнү, убактылуу бошото туруу тууралуу өтүнүчү сотто четке кагылганы маалымдалды.

Адвокаты Салих Эфе сотко апелляциялык арыз берилгенин, эгер чечим ошо бойдон калса, аны Иранга депортациялоо коркунучу күчөй турганын айтты.

Жакындары ал Стамбулдун Арнавуткөй муниципалитетине караштуу лагерде кармалып турганын, психикалык абалы өтө начар болуп жатканын айтып беришти.

Хакдар Ирандан 2009-жылы жыйынтыгы талаш жараткан президенттик шайлоодон кийин козголоң уюштурууга аракет кылган деп шектелгендердин тизмесине киргизилгенден кийин чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG