Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Украина орус аскерлери 40ка жакын дрон менен чабуул койгонун билдирди


Украина. Херсон аймагы.
Украина. Херсон аймагы.

Украинада 25-июлда учкучсуз учактын соккусунан бир кишинин өмүрү кыйылды, ондогон дрон атып түшүрүлдү, фронтто Покровск жана Курахово багыттарында кармаш уланууда.

Херсон облусунун аскердик администрациясынын башычысы Александр Прокудиндин айтымында, Киндейка кыштагында орусиялык дрондун соккусунан жарылуу болуп, 51 жаштагы жергиликтүү тургундун өмүрү кыйылды.

Бейшембиге караган түнү Орусия Украинанын аймагындагы социалдык инфраструктурага каршы Shahed дрондорунан жалпысынан 38ди учурганын, алардын 25ин атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдирди. Анын айтымында, орус аскерлери Одесса облусунун түштүк тилкесин жана өлкөнүн борбордук райондорун бутага алышты.

Ал эми фронтто соңку суткада украин аскерлеринин турумдарына 149 жолу ракеталык жана авиациялык чабуул коюлганы, анын арасынан 70тей кагылышуу Покровск жана Курахово багыттарында катталганы маалымдалды.

Ал тапта Нидерланд жана Дания өлкөлөрү Украинага ушул жылдын соңуна чейин Leopard 2A4 танктарынан 14тү жөнөтмөй болгону расмий кабарланды.

Орусия Украинага каршы 2022-жылдын февралында ачкан согушун "атайын аскердик операция" деп атаган жана анын аскердик объектилерин гана бутага алып жатканын айтып келет. Украин бийлиги орусиялык аскерлердин соккусунан жарандары курман болуп, социалдык инфраструктурасы кыйрап жатканын билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG