Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:38

Кыргыз-казак чек арасы: Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө 80 млн сом гана бөлүндү


"Азаттык" кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын сол жээги желип, гектарлаган жер казак тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан.
"Азаттык" кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын сол жээги желип, гектарлаган жер казак тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан.

Кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын кыргыз тараптагы жээгин бекемдөөго быйыл 83 милион сом гана бөлүндү. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов 25-июлда маалымат жыйында билдирди

“Жогорку Кеңештин дарыянын жээгин бекемдөөгө "жыл сайын 200 миллион сомдон кем эмес акча бөлүнүп берсин” деген атайын токтому бар. Быйылкы жылга башында 50 миллион, андан кийин кошумча 33 миллион сом берилди. Азыр төрт тилкеде жумуш аткарылып жатат. Жалпысынан Токмок шаарынан Камышановкага, Казакстандын чек арасына чейин ошондой бекемдөөчү 97 тилке бар. Финансы министрлиги бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша каражат бөлсө, биз жумуштарды жасаганга даярбыз”,- деди Мазарипов.

Былтыр Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө 50 миллион сом эле берилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2023-жылы беш объект куруу үчүн Финансы министрлигинен 177 миллион сом сураган.

"Азаттык" былтыр 20-апрелде "Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды" деп аталган иликтөө жарыялаган.

Анда Чүй дарыясы сол жээгин жеп, гектарлаган жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан.

Мындан эки жылга жакын убакыт мурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкө кеминде 800 гектардай жеринен ажыраганын билдирген жана бул жагдайды президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан.

2012-жылы Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөттү жыл сайын Чүй дарыясын бекемдөө иштерине 200 миллион сом бөлүп берип турууга милдеттендирген.

Кыргыз тарап 2013-жылы дарыянын сол жээгин иликтеп чыгып, кооптуу, дамба курулушу керек деген, жалпы узундугу 65,5 чакырымды түзгөн 193 тилкени тактаган.

XS
SM
MD
LG