Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Президент Жапаров "Улуттук инвестициялык фонд жөнүндө" мыйзамга кол койду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө” мыйзамга кол койгону 25-июлда расмий сайтка жарыяланды.

Документти 27-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Анын максаты мамлекеттик үлүшкө катышкан чарбакер коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана наркынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана инвестицияларды тартуу болуп саналат.

“Өнүктүрүү стартегиясына ылайык, фонд жана анын туунду компаниялары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын ишке ашырууга катыша алат. Фонддун жана анын туунду компанияларынын долбоорлорго катышуусу социалдык маанилүү болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кайра өндүрүүдө же алардын иш чөйрөлөрүн өнүктүрүүдө жагымдуу рыноктук шарттарды түзүү менен коштолушу мүмкүн”, - деп жазылган маалыматта.

Жапаров "Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө" жарлыкка 19-июнда кол койгон. Анда Улуттук инвестициялык фонд чет жактан инвестицияларды тартып, ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу менен алектене турганы маалым болгон.

2023-жылы Кыргызстанга 844 млн 895,7 миң доллар түз инвестиция келген жана 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 30%га кыскарган. Ошол эле маалда былтыр 685 млн 697,3 доллар көлөмүндөгү тикелей инвестиция чыгарылып кеткен жана ал сумма мурдагы жылга салыштырмалуу 40% азайган.

XS
SM
MD
LG