Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:01

Москвадагы жарылууга шек саналган орус жараны Түркияда кармалды


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Орусияда эки адам жараат алган жарылууга байланыштуу Түркияда орусиялык жаран кармалганын 24-июлда түрк ички иштер министри Али Ерликая билдирди.

Министр шектүүнүн аты-жөнү Евгений Серебряков экенин, ал Түркияга Москвадан учуп барганын жана Мугла провинциясында колго түшүрүлгөнүн айтты.

Москвада эки киши жараат алган жарылуунун чоо-жайы иликтенип жатканын 24-июлда Орусиянын Ички иштер министрлиги билдирген.

Окуя Москванын түндүк райондорунун биринде катталганы, жарылуу бир аял жана бир эркек киши үйлөрдүн биринин короосуна коюлган Toyota Land Cruiser автомашинасына отуруп жаткан учурда болгону маалымдалган.

Эркек киши бутунан жабыркаганы, ал эми аял сыныктан жараат алганы белгилүү болгон.

ИИМдин басма сөз катчысы Ирина Волктун айтымында, жабыркагандар ооруканага жеткирилди, «өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, териштирүү жүргүзүүдө.

Орусиянын атайын кызматы менен байланышта экени айтылып жүргөн BAZA телеграм каналы жана бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жабыркаган киши Коргоо министрлигинин 50 жаштагы офицери экенин, ал жашыруун бөлүктөрдүн биринде байланыш каражаттары үчүн жооптуу кызматкер экенин жазышкан.

Жарылуу катуу болгондуктан жанындагы башка машиналар да талкаланганы кабарланган.

Жараат алгандар аскердик спутник байланыш борборунун башчысынын орун басары Андрей Торгашов жана анын жубайы экени айтылган. Бирок Торгашовдун жубайы ал учурда машинада алар эмес, башка кишилер болгонун билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG