Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:58

11 журналисттин иши: көрсөтмө бере турган эксперт сотко келбеди


Жапырт кармалган журналисттер.
Жапырт кармалган журналисттер.

Бишкектин Ленин райондук сотунда 11 журналисттин ишин кароо уланып жатат. 25-июлдагы отурумда кылмыш ишине негиз болгон политологиялык экспертиза жүргүзгөн Улуттук илимдер академиясынын кызматкери Азамат Жаныбек уулу көрсөтмө бермек. Жаныбек уулу эмгек өргүүсүнө чыгып кеткендиктен, сот отурумуна келбегени айтылды. Учурду кылмыш ишин изилдөө уланып жатат.

18-июлда Юстиция министрлигине караштуу эксперттик кызматтын адиси Нурлан Сакпаев көрсөтмө берген. Ал Temirov Live жана "Айт айт десе" каналдарындагы “30 жылдан бери креслодо жабышып отурган аткаминерлерге бир грамм урматым жок”, "эркиндик үчүн күрөшөлү" деген сөздөрдө "массалык башаламандыкка чакыруу бар" деген болчу. Адвокаттар жана соттолуучулар буга макул болгон эмес.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийинчерээк Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев жана Тыныстан Асыпбеков үй камагына чыккан.

Ушу тапта Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеева камакта.

Милиция “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (TSh/SE)

XS
SM
MD
LG